Кыргыз өлкөсүндө 2 айда (январь-февраль) 15 389 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалыматында жазылат.
Маалым болгондой, февраль айында 6 331 жаранга пенсия чектелген.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1138 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.
Кыргызстанда пенсионерлердин саны 735 миңден ашат. Ал эми пенсиянын орточо өлчөмү 8080 сомду түзөт.