Эл аралык MITT-2023 туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстанды орусиялык блогер Лариса Булина тааныштырды. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Лариса Булина Кыргызстанга болгон эки жылдык сапарынан кийин эл аралык туристтик көргөзмөдө өлкө тууралуу маалымат берүүгө чакырылган.
"Эмне үчүн Кыргызстан туризм үчүн эң мыкты өлкө экенин айтып берүү мүмкүнчүлүгү мага берилди, аябай толкундандым. Себеби, эки жылдык изилдөөмдү 20 мүнөттүк убакытка батыруу мүмкүн эмес. Андыктан мен бүт сөзүмдү элге арноону чечтим. Анткени адам эң башкы баалуулук. Адамдын боорукерлигине, ак көңүлдүгүнө, меймандостугуна эч бир тоолор менен көлдөр, капчыгайлар тең келе албайт, ал бүтүндөй дүйнө. Баса, залда менин сөздөрүмө таасирленгендердин бири көзүнө жаш алды", - дейт ал.
Эскерте кетсек, 29-эл аралык MITT-2023 туристтик көргөзмөсү 16-марттан 18-мартка чейин “Крокус Экспо” көргөзмө борборунда өттү. Бул жылы туристтик көргөзмөгө 24 өлкө, Орусиянын 57 аймагы катышып, 600дөн ашуун аталган тармактын лидерлери жана тармактык эксперттер туризм жана меймандостук боюнча тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүшүштү.