Театр күнүнө карата "Эргүү" улуттук сыйлыгы тапшырылат

27-март - Эл аралык театр күнүнө карата «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сыйлык тапшыруу аземи 27-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтмөкчү. Улуттук сыйлык кыргыз театрларында коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин мыктыларына тапшырылат.

Сыйлык тапшыруу аземи концерттик программа менен коштолуп, мыктыларга «Эргүү» улуттук сыйлыгы, дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилет.

Эл аралык театр күнүн майрамдоо боюнча токтом 1962-жылы Париждеги Улуттук Театрдын ачылыш аземине байланыштуу эл аралык театр институтунун IX конгрессинде кабыл алынган. Мына ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү сахна адамдары, анын ичинде Кыргызстанда да 1962-жылдан баштап 27-мартты кесиптик өнөр майрамы катарында белгилеп келет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу 22 театр оюн-зоок мекемелери чыгармачылык иш жүргүзөт. Анын ичинен 8 музыкалык-драма театры, 7 драма театры, 2 куурчак театры, 3 филармония 1 опера жана балет театры жана мамлекеттик цирк бар.

2022-жыл ичинде жалпы репертуардык спектаклдердин жана иш-чаралардын коюлушунун саны 2 519 жетти. Анын ичинен 75 репертуар жаңы коюлду. Тактап айтканда, 46 спектакль, 22 концертик программа, 7 цирк программасы тартууланды. Жалпы көрүүчүлөрдүн саны 730 533 түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан