Мас абалында унаа башкарган судья Жеңишбек Барынбаев кызматтан кетти

Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков атайын кеңешме өткөргөн. Кеңешмеде Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбеков өз каалоолору менен судьялык кызматтан кетүү туурасында арыздарын беришти. Судьялар сот бийлигинин беделине көлөкө түшүргөн аракеттерге барганын моюнга алышты.

"Ошондой эле, кеңешменин жыйынтыгында Каракол шаардык сотунун судьясы Азамат Абдираевге карата сот адилеттигин ишке ашырууда одоно мыйзам бузууга жол бергендигине байланыштуу тартиптик жаза чарасын көрүү жөнүндө сунуштаманы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине жөнөтүү чечими кабыл алынды", - деп билдиришти Жогорку Соттон.

Буга чейин социалдык тармактарда Жеңишбек Барынбаев мас абалында унаа башкарганы үчүн кармалгандагы видео тараган. Ал 8-март күнү кармалганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан