Бишкекте айдоочу кайгуул кызматкеринин токтотуу талабын аткарбай, унаанын капотуна сүйрөп барып токтоду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, окуя бүгүн, 24-мартта 9:40 чамасында болгон.
Анда Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаанын 51 жаштагы айдоочусу П.В. Байтик Баатыр көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен инспектордун токтотуу талабына баш ийбей, кызматкерди 5-10 метрге сүйрөп барып токтогон.
Айдоочу баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас абалында экендиги аныкталды. Ал эми унаа айып короого токтотулган. Айдоочуну Октябрь РИИБине жеткирип бара жатканда ал унаадан түшүп качып кетүүгө аракет кылган.
Учурда айдоочу ээнбаштык кылып Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерин унаанын капотуна сүйрөп кеткендиги үчүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.