Эртең, 26-мартта өлкө аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында көрсөтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +3 … +8, күндүз +18 … +23,
Талас облусунда түнкүсүн +1 … +6, күндүз +16 … +21,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +6 … +11, күндүз +21 … +26,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1 … +4, күндүз +13 … +18,
Нарын облусунда түнкүсүн 0 … -5, күндүз +8 … +13,
Бишкек шаарында түнкүсүн +6 … +8, күндүз +20 … +22 градус болот.