Борбор калаанын мэриясы үй-бүлөлүк майрамдарда, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүндө ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөөнү эскертет.
Буга байланыштуу Биринчи Май районунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
"Имамдар менен биргеликте райондун бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарында (МАБ) жыйындар өткөрүлүүдө. Ага активисттер, үй комитеттери, кварталдык жана тургундар катышууда. Ошондой эле мечиттерде имамдар менен түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө.
Анын жүрүшүндө укук коргоо чаралары, ошондой эле коомдогу социалдык абалга терс таасирин тийгизген диний жөрөлгөлөрдү, ырым-жырымдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө маселелери талкууланды" деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 2022-жылы февраль айында президент Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы чыккан.