
Быйыл Жалал-Абад шаарына 8 түрдөгү 300 миң даана гүл отургузулат. Алардын арасында эрте жазда эгиле турган 4 миң даана жоогазын да бар. Бул тууралуу муниципалитет берген маалыматта айтылат.
Кабарлангандай, марттын аягында жоогазындарды аянттарга отургузуу иши башталат.
"
Ал эми калган гүлдөрдүн көчөттөрүн күнөсканадан атайын идиштерге көчүрүү иши жүрүп жатат. Алар аба ырайы турукташкан мезгилде шаар көчөлөрүнө, эс алуу бактарына, аянттарга жана мекеме-ишканалардын алдыларына отургузулат" деп билдирди мэриядан.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бюджеттен жалпы 4475 даана дарактардын көчөтү тигилип, 8 миң чарчы метр аянтка жашыл майсаң
(газон) себилет.