Евразия экономикалык комиссиясы жана КМШ комитети жалпы электр энергиясынын рыногун түзүү ишин тездетет

Евразия экономикалык комиссиясынын жана КМШ өлкөлөрүнүн электр энергетика кеңешинин кызматташуу боюнча иш-чаралар планын жаңылоо зарылдыгы талкууланды.

Ага Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев жана КМШнын электр энернетика кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы Тарас Купчиков катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында ЕАЭБ жана КМШнын жалпы электроэнергетика рыногун түзүү бөлүгүндө карым-катнашты бекемдөө, климат жана санариптик берүүлөр жөнүндө иштер боюнча макулдашууга жетишилди. Ошондой эле эки интеграциялык бирикмелердеги электроэнергетикага тиешелүү процесстерге илимий жана эксперт жамааттарды тартуу макулдашылды.

"ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен КМШга мүчө-мамлекеттердин энергетика тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташуусу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга илимий коомчулукту кеңири тартуу энергетика тармагынын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган өз ара пайдалуу жана негиздүү чечимдерди табууга мүмкүндүк берет", - деп билдирди Арзыбек Кожошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан