Кыргызстандык “Kairos” кавер-группасы Орусияда өтүп жаткан “Битва каверов” аттуу музыкалык шоунун супер финалына өттү. Бул тууралуу аталган группа Инстаграм баракчасы аркылуу cүйүнчүлөдү.
Маалым болгондой, “Kairos” кавер-группасы Артур Пирожковдун “Зацепила меня” аттуу ырын Eminem`дин стилинде, Tanir&Tyomcha`дин “Потеряли пацана” чыгармасын James Brown`дун стилинде аткарып, долбоордун биринчи берүүсүндө жеңүүчү аталышты. Группа бул жеңиши үчүн 500 миң рубль утушка ээ болуп, баш байгеси 5 миллион рубль болгон суперфиналга катышууга жолдомо алышты.
Эске салсак, “Битва каверов” музыкалык шоунун биринчи берүүсү 24-мартта СТС каналында көрсөтүлдү. Аталган шоуго Орусиянын ар кайсы шаарларынан, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн 40 музыкалык коллектив катышты.