Өзгөчө ири өлчөмдөгү героинди ташуу боюнча эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Кыргызстан аркылуу ооган тектүү баңгизаттардын ири партияларын ташууга жана сатууга адистешкен эл аралык баңги тобунун ишине бөгөт коюу боюнча эл аралык атайын операция өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Атайын операциянын жыйынтыгында 100 килограммдан ашык “героин” баңгизатын ташыган жана сактаган баңги каналынын уюштуруучусу 1986-жылы туулган Тажикстандын жараны К.О.А. Казакстандын Алматы шаарынын аймагынан кармалды. Ал баңгизатты Кыргызстандын аймагынан ташып жүргөн.
Баңги тобунун башка катышуучуларын аныктоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Маалымат катары, жогорудагы аныкталып алынган баңгизаттын болжолдуу баасы 1 миллион 190 миң долларды түзөт.