Социалдык тармактарда биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан фейк баракчалар түзүлүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
"Урматтуу интернет колдонуучулары, сиздерге төмөндөгү маалымат жалган экенин маалымдайбыз. Маал-маалы менен биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан жасалма баракчаларды ачып, чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандар бар.
Бул баракча Айгүл Жапаровага таандык эмес. Ошондуктан мындагы маалыматка ишенип, алданып калбоого чакырабыз", - деп билдирди Орунбеков.