Кечээ, 26-мартта футбол боюнча Казакстандын улуттук курама командасы "Евро-2024" тандоо оюндарынын алкагында Дания курамасын 3:2 эсебинде жеңип алды.
Оюн Астана шаарындагы "Астана Арена" стадионунда өттү. Казакстан биринчи бөлүктө 0:2 эсебинде жеңилип жатып, экинчи бөлүктө үч гол киргизүүгө жетишти.
Өз кезегинде Даниянын башкы машыктыруучусу Каспер Юльманн мындай оюн акыркысы болот десе, команданын капитаны Йоаким Меле бул оюнду "катастрофа" катары баалады.
"Биз кыйын жерде өтө оор оюн болорун билгенбиз. Менимче, биринчи тайм жакшы болду, биз энергия менен чыктык, каршылаштарга бөгөт коюуга жакын болдук. Аларда бир нече мүмкүнчүлүктөр бар болчу, бирок алар мүмкүнчүлүктү колдоно алышкан жок.
Атмосфера укмуштуудай болду, бирок бизди капа кылды. Муну түшүнүү абдан кыйын. Ооба, акыркы 15 мүнөттүн ичинде үч жолу гол өткөрүп алуу бул катастрофа жана биз мындан сабак алып, мындай нерсе эч качан кайталанбайт деп убада беришибиз керек", - деди Меле.
Белгилей кетсек, буга чейинки Европа чемпионатында Дания курамасы коло байгеге ээ болуп, Каспер Юльманн сенсациялуу машыктыруучу деп аталган.