Өзгөн районунун Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер көчкү активдешип, бир турак үйдү басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, 26-мартта эртең мененки саат 07:00гө карата жер көчкү акырындык менен жылып, айылдын четиндеги турак үйдү, очоккананы басып, мал сарайга 10 метр аралык калган.
Эске салсак, 22-март күнү таңга маал Өзгөн районунун Кызыл-Күңгөй тилкесинде болжол менен 1 миллион метр куб жер көчкү түшкөн. Аталган аймактагы 18 үй-бүлө коопсуз аймакка көчүрүлгөн.
Мындан улам көчүрүлгөн калктын убактылуу баш калкалоосу үчүн ӨКМнын Өзгөн райондук бөлүмү тарабынан 18 чатыр ошол эле аймактын коопсуз тилкесине орнотулган. Азыркы учурда толугу менен шарт түзүү максатында электр жабдууларын орнотуу иши аяктап, таза суу менен камсыздалды.
Ага катар эле “Улуттук Кызыл-Ай ” коому тарабынан 2 даана чатыр онотулуп, анда штаб жана медпункт жайгашкан. Азыркы учурда убактылуу жашап жаткан 81 жаранга төшөнчү, гигиеналык каражаттар жана тиричилик буюмдары берилди.