Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусундагы “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун энергетикалык объектилери менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Токтогул ГЭСинин № 2 агрегатын реконструкциялоонун жүрүшү жана “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоонун инфраструктурасы менен таанышты.
"Анда Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСине баруучу жолдун жана тоннелдин курулушунун жүрүшү менен, ошондой эле “Камбар-Ата-2” ГЭСинин жер үстүндөгү агынды суу өткөргүчүнүн курулушу менен таанышты. Иш сапардын жыйынтыгында ал “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун жана инфраструктурасын даярдоо процессин тездетүүнү, ошондой эле республикадагы иштеп жаткан энергетика объектилерин алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону тапшырды", - деп айтылат маалыматта.