Жалал-Абадда РЭСтин текшерүүчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Аксы районунун РЭСинин кассир-текшерүүчүсү 1997-жылы туулган Т.А.А. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аксы районунун тургуну А.Э.А.ны электр-эсептегичти алмаштырбагандыгы үчүн административдик жоопко тартуу менен коркутуп, пара алуу фактысы аныкталды.
"Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 25-мартта Т.А.А. 18 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды", - деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренесинин негизинде (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) кылмыш иши козголуп, учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат.
УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы жарандарды ушул сыяктуу фактылар жана башка укук бузуулар боюнча маалыматы болсо (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 телефон номурлары аркылуу башкы башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну өтүнөт.