Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордогу унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөдөгү тоолуу райондордо жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта ӨКМнын маалымат кызматынан билдирди.

Кар көчкү коркунучу бар тилкелер:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу);

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымы (Чоң-Ашуу ашуусу);

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымы (Сөөк ашуусу).

Кара-Гөө ашуусунун 60-94-чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан