Талантбек Кушчубеков Кыргызстандын Словениядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, Талантбек Кушчубеков Кыргызстандын Венгриядагы элчиси кызматын дагы аркалап келет.