Лейлекте тургундун банктык картасынан акча которуп алган жаран кармалды

Лейлекте тургундун банктык картасынан акча которуп алган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Лейлектин Андархам айылынын 42 жаштагы тургуну М.Д. 2022-жылдын 3-ноябрында белгисиз жаран тарабынан өзүнүн банктык картасынан 42800 сом акчасын которуп алгандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо, башкача айтканда маалымат тутумуна мыйзамсыз кирүү же болбосо телекоммуникация тармактары боюнча берилүүчү маалыматты өзгөртүү жолу менен бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кылмышка шектелип 25-мартта Алай районунун 23 жаштагы тургуну Ө.Ч. кармалды. Ал мурда эки жолу сот жообуна тартылган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан