Ырчы Самат Муратбеков менен жубайы үй-бүлөлүк бизнесин кеңейтүүдө

Ырчылар Самат Муратбеков менен жубайы Жылдыз Садыр кызы үй-бүлөлүк бизнесин кеңейтип жатат. Бул тууралуу жылдыздуу түгөйлөр билдирди.

"Буюрса, экинчи сулуулук салонубузду ачып жатабыз. Бул үй-бүлөлүк бизнесибизди жубайым үчүн ачтык, жакында өзүмдүн жеке бизнесимди ачам. Салондун жалпы аянты 50 чарчы метрди түзөт. Учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат", - дейт ал.

Эске салсак, Самат Муратбеков "Жебе" тобунда ырдап элге таанылган. Учурда жеке ырчы. Репертуарында "Белегимсиң", "Күттүм күндө", "Татына кыз" аталышындагы ырлары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан