Орусиянын Красноярск аймагында 22 жыл мурун дайынсыз жоголгон 16 жана 17 жаштагы жашы жете элек эки кызды өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, жашы жете элек эки кызды өлтүрүүгө шектүү катары Красноярск шаарынын 41 жаштагы тургуну кармалды. Шектүү сурак учурунда 2000-жылы 26-июнда кыздар анын үйүнө келип, карызды төлөп берүүнү талап кылышканын билдирген.
Жыйынтыгында алардын ортосунда жаңжал чыгып, кылмышка шектүү жашы жете элек кыздарды балка менен чаап өлтүрүп, денелерин гараждын жанындагы терең чуңкурга жашырып койгондугун билдирген.
Учурда укук коргоо органдары кыздардын сөөктөрүн издөөдө.