Учурда Супер концертке даярдык күч. 13-14-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүчү концертте жылдын мыктылары жана жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан «Супер сулуу-2013» сынагынын жыйынтыгы чыгарылат.
Учурда уюштуруучу топ, жылдын мыктысына талапкерлер жана сулуулар кызуу даярдык
үстүндө. Жылдын мыктылары ким болот? Таажы кайсы сулууга буйруйт? Ага Супер концертте чогуу күбө болобуз. Андыктан бул көз ирмемди өткөрүп жибербеңиз!
Эске салсак, "Супер-Инфо" гезитинин алгачкы концерти 2006-жылы "Жылдын жылдыздары" деген аталышта коюлган.