Таластын Айтматов районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында аз камсыз болгон 150 үй-бүлөгө "Орозо баштыктары" таратылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы Кызыл-Адыр айылынын "Ансар" мечитинин имамы Марлис Төлөгөновдун демилгеси, айылдагы 1990-жылкы жигиттердин колдоосу менен ишке ашкан.
"Жаратканым насип кылып "Рамазан баштыкчаларын" өз ээлерине таратып бердик. Айылыбыздын жаштары менен бирге берекелүү Орозо айында дагы бир топ иш-чараларды пландап жатабыз. Алла Таала "Жакшылык иштерде бири-бириңерге жардамчы болгула" дейт эмеспи. Элдин атынан демөөрчүлүк кылган бардык боордошторубузга терең ыраазычылык билдирем", – деди Төлөгөнөв.
Баштыкчага күндөлүк керектелүүчү азык-түлүктөр салынып, ар биринин баасы 3 200 сомду түзгөндүгү кошумчаланды.