MEGA Бишкектеги салтка айланган веложүрүшкө чакырат

Спортту жана активдүү жашоо образын дайыма колдоого алган MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору жана Бишкек шаардык мэриясы бардык каалоочуларды Велосезон-2023 ачылышына чакырат.

Бишкек шаарынын 145 жылдыгына арналган жана транспорттун экологияга зыян келтирбей турган түрлөрүн жайылтуу максатында уюштурулуп жаткан иш-чара 2023-жылдын 2-апрелинде Кыргызстандын борборунда өтөт. Катышуучулар борбордук "Ала-Тоо" аянтында саат 09:00дө чогулушат. Каттоодон кийин ар бир катышуучуга MEGA’нын фирмалык футболкалары берилет.

Иш-чаранын конокторун көңүл ачуучу шоу-программалар, кызыктуу оюндар, эстрада ырчылары менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын симфониялык оркестринин концерти күтөт, мындан тышкары веложүрүштүн соңунда катышуучуларга даамдуу азыктар берилет.

Көптөн күткөн бул иш-чараны өткөрүп жибербеңиз! Веложүрүшкө катышып, спорттук майрамдагыдай атмосферага чөмүлүп, энергия, позитивге байып кетиңиз!

MEGA – мыктыны тандоо!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан