Жалал-Абадда баӊгизатын сатууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта облустук милициядан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 17-мартта саат 23:40 чамасында Токтогул районунун аймагынан аталган райондун тургуну 1972-жылы туулган А.У. ширеӊке кутучасынын формасындагы 10 даана кара күрөӊ түстөгү өзгөчө кескин жыты бар затты жана 1 литрлик банкага салынган “марихуанага” окшогон затты сатып жаткан жеринен кармалган. Ошондой эле өз ыктыяры менен өзү жашаган үйдөн 1 капка салынган “марихуанага” окшогон затты тапшырган.
"Жалал-Абад ОИИБинин криминалистикалык кызматынын корутундусуна ылайык, кара күрөӊ түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат 74 грамм “гашиш” баӊгизаты, 1 литрлик банкага салынган зат 178 грамм “марихуана” баӊгизаты жана 1 капка салынган зат 7 килограмм “марихуана” баӊгизаты экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгени жана учурда тергөө амалдары улантылып жатканы кошумчаланды.