Орусия Федерациясынын 34 жаштагы жараны, Ош облусунда туулган Абдулаев Салават Ромазановичти издөө иштери уланууда. Мындай маалымат ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кылмыш иши 2014-жылдын 6-сентябрында Бишкектеги Жал Артис кичи районунда болгон. Анда жогорудагы жаран эртең мененки саат 07:00 чамасында кыз зордуктоого аракет кылган.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, издөөдө жүргөн адам учурда Орусияда.
Жогорудагы жаран тууралуу маалыматы барлар 102 кызматына кабарласа болот.