Орусиянын “Наши” жаштар кыймылынын мурдагы спикери Мария Дрокова Кыргызстандын жарандыгын алды. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.
Мария Дрокова мурдагы спикер жана "Наши" кыймылынын федералдык комиссары, Тамбов администрациясынын каржы комитетинин мурдагы башчысы Александр Дроковдун кызы.
Мария 1989-жылы 26-октябрда Тамбов шаарында туулган, мектепти алтын медаль менен аяктаган. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин мамлекеттик башкаруу факультетинде окуган. 2005-жылдын сентябрынан бери "Наши" федералдык жаштар кыймылынын мүчөсү. Ошол эле учурда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Абельцевдин жардамчысы болуп иштеген.
Ага атактуулук 2009-жылы жаштар форумунда Орусия президенти Владимир Путинди бетинен өпкөндөн кийин келген.
Ал Орусияда "Ата Мекенге кызмат өтөгөндүгү үчүн" I даражадагы орден менен сыйланган.
Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 31-декабрында кол койгон №417 жарлыгында Кыргызстандын жарандыгын алган 400дөн ашуун адамдын аты-жөнү көрсөтүлгөн. Документтин 80-катар санында Бухер (Дрокова) Мария Александровна деген ысым дагы бар.