Текебаев: "Ош-Эркечтам багытында логистикалык борбор куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө"

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов менен жолугушту. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-мартта социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Жолугушуунун алкагында Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолу, андан соң “Эркечтам” өткөрмө пунктунун ишмердүүлүгү менен тааныштык. Мындан сырткары, жүк ташуучу автомобиль транспорту менен ишке ашыруудагы шарттарды жакшыртуу жана анын көлөмүн көбөйтүү маселелери көтөрүлдү", - деп жазды Текебаев.

Ошондой эле ал Ош-Эркечтам багытында логистикалык борбор куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, сунуштар айтылганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан