“Унаа издөө” иш-чарасы: Унаа уурдоо, алдамчылык жана башка кылмыштардын бети ачылды

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын демилгеси менен республиканын бардык аймагында "Унаа издөө" аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Анын алкагында унааларды ремонттоо жана сырдоо менен алектенишкен жайлар да текшерилип, жумушчулар менен алдын алуу маектешүүлөрү жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, көптөгөн айдоочулар кырсык болгон жерден изин жашырып кетишет. Айрымдары мас абалында болуп изин жашырып кетишсе, башкалары кырсык күбөсүз өтүп, андан кутулууга болот деп үмүттөнүшөт.

"Алынган маалыматтарга караганда, 2023-жылдын эки айында автотранспорт каражаттарын уурдоого байланышкан 41 кылмыш жасалган. Ушул эле мезгилде 166 айдоочу жол кырсыгынан кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Анын ичинен 5 жол кырсыгы өлүм менен коштолгон. Бул айдоочулардын жоопкерчиликсиз мамилесинен жана маданиятсыздыгынан кабар берет", - деп айтылат билдирүүдө.

Жогорудагы ыкчам-алдын алуу иш-чараларына Бишкек шаары боюнча 400 ашык милиция кызматкерлери тартылган. 108 обьект, анын ичинде унаа оңдоочу жайлар, унаа токточуучу жайлар текшерилип, унааларды уурдоо менен алектенген адамдарды аныктоо жана кармоо, уурдалган унааларды запастык бөлүктөргө чечкен жерлерди аныктоо иштери жүргүзүлдү. 100 ашык кылмыштын бети ачылды.

Маалымдалгандай, иш-чаранын максаты транспорт каражаттарын уурдоо, айдап качуу жана легалдаштыруу, айдоочулар окуя болгон жерден качып кеткен ачык-айкын эмес кырсыктардын бетин ачуу менен ага байланышкан кылмыштарды алдын алуу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан