"Бишкекасфальтсервис" кызматкерлерди издейт (талаптар)

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы кызматкерлерди издейт. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта аталган мекемеден кабарлады.

Маалыматка ылайык, жумуш издөөчүнүн жанында резюмеси болушу шарт. Маектешүү иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Хвойная көчөсү, 10 дарегинде өтөт.

Ишканага төмөнкү адистер талап кылынат:

Инженер-сметчик:
- 18 жашка толгон КР жараны;
- соттолгон эмес;
- кесиптик билими;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иш тажрыйбасы же административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен адистиги боюнча иш тажрыйбасы;
- КР жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- компьютер ж.б. техникаларды колдонуу, керектүү программарды билүү;
- тиешелүү чөйрө боюнча билимдүү жана көндүмдөр;
- кесиптик билими бар экендиги белгиленген формадагы документ.

2 КамАЗ айдоочусу
•18 жашка толгон КР жараны;
•В-С категориясындагы айдоочулук күбөлүк, тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес;
•так жана жоопкерчиликтүү.

1 таптагыч машинист
•18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
•Айдоочулук күбөлүк тракторист, стажы 2 жылдан кем эмес;
•жаман адаттары жок;
•ишке так жана жоопкерчиликтүү.

10 жол жумушчусу:
•18 жашка толгон КР жараны;
•тажрыйбасы бар кесипкөй жумушчулар;
•жаман адаттары жок;
•ишке так жана жоопкерчиликүү;
•нормаларга жана талаптарга катуу ылайык иштерди аткаруу.

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү телефонго кайрылыңыз: 996 312 377 717.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан