Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде биринчи улуттук музей фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, ага облус жана шаарлардагы музей кызматкерлери, өнөктөштөр, Ош шаарындагы маданият мекемелери жана сүрөтчүлөр катышууда.
Фестивалга катышкан маданият министри Алтынбек Максүтов катышуучулардын алдында сүйлөп жатып, аталган фестивалды өткөрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, министрликтин атынан уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирип өттү.
Фестиваль 3 күнгө созулат, анда музей кызматкерлеринин катышуусунда заманбап иш алып баруунун шарттары, тажрыйба алмашуучу бет ачарлар сунушталып, музей жаатындагы актуалдуу темалар көтөрүлмөкчү.
Иш-чара көргөзмө менен коштолууда.