Бишкектин “Күлүк” спорт мектебинде ат минүү боюнча шаардык мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, турнирге жалпысынан 20 жуп катышты.
Турнир жыл сайын өткөрүлүп, балдар арасында ат спортун кеңири жайылтуу, ошондой эле чоңдор категориясында эң күчтүү спортчуларды аныктоо жана апрель айында Ташкентте өтө турган эл аралык мелдешке катышуу үчүн негизги команданы түзүү максатында уюштурулуп келет.
“А” байге:
- 1-орунга Алина Халова "Барон" аттуу аргымагы менен;
- 2-орунду Ловчева Эвелина "Византия" аттуу аргымагы менен;
- 3-орунду Кузлякина Вероника "Юрий-Бойко" аттуу аргымагы менен.
“Б” байге:
- 1-орунду Екатерина Киселева "Жизель" аттуу аргымагы менен;
- 2-орунду Алина Халова "Барон" аттуу аргымагы менен;
- 3-орунду Кузлякина Вероника "Жизель" аттуу аргымагы менен.
"Лакосте" аттуу ат минген Лещинская Анастасия 65,771 пайыз упай менен жеңүүчү деп табылды. Экинчи сапта Дана Новицкая ("Сагитта"), Алуа Рустемова ("Византия") алдыңкы үчтүктү жапты.