27-мартта Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов менен Орусиянын президентинин чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалыматында айтылат.
Жолугушууда тараптар Орусиянын атынан Ош шаарында заманбап мектеп куруу боюнча пландалган долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Мэр бул окуу комплекси шаардагы заманбап билим берүү стандарттары боюнча окуучуларды даярдоочу алдыңкы жайга айланаарын белгилеп, Ош шаарынын мэриясы тарабынан бардык зарыл болгон колдоолор көрсөтүлөөрүн баса белгиледи.
"Бул 1224 орундуу заманбап билим берүү комплексинде бассейндер, стадиондор, спорт аянтчалары бар болот. Бул объект орус-кыргыз достугунун символу болуп калат. Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташууга үмүттөнөбүз. Жалпысынан республика боюнча ар бир облуста, Бишкек жана Ош шаарларында 9 комплекс курулат. Пландалгандай, бул окуу комплексине жергиликтүү орус тили мугалимдери да, Россиянын тиешелүү педагогикалык жогорку окуу жайларында керектүү окуудан өткөн мугалимдер да тартылат. Ал заманбап инновациялык, санариптик билим берүү технологияларына ылайык окууларды өткөрө турган биргелешкен квалификациялуу команда болот", - деди Рыбаков.
Делегация объектинин курулушу үчүн сунушталган участоктор менен жеринде таанышып, акыркы чечим инфраструктуралык жана шаар куруу аспектилерин координациялоо боюнча зарыл процедуралардан кийин кабыл алынары маалым болду.
Ошондой эле инфраструктуралык жана шаар куруу маселелерин чечүү, чечимдерди тез арада кабыл алууга көмөктөшүү, изилдөө иштери талкууланды.