Бүгүн, 28-мартта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Бакен Кыдыкеева, Анвар Куттубаева, Сүймөнул Чокморов атындагы республикалык сыйлыктардын лауреаты, театр жана кино артисти Гүлмира Ташматова 59 жашка чыкты. Актриса айымды туулган күнү менен куттуктап, маанайын билүү үчүн байланышка чыктык.
“Куттуктоо үчүн чоң рахмат! Туулган күнүмдү майрамдабай калганыма көп жыл болду. Жыл сайын биринчилерден болуп балдарым куттукташат. Быйыл дагы бул салтты бузбай, түнкү саат 12ден өткөндөн кийин гүл жана “каалаган белегиңизди алып алыңыз” дешип акчалай белек беришти”, - дейт ал.
Театр жана кино артисти Гүлмира Ташматова 1964-жылы 28-мартта Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Тайгараев айылында туулган. 1981-жылы аталган айылдагы орто мектепти аяктап, Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияга өткөн. 1983-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктап, Ысык-Көл облустук драма театрына ишке кирген.
Гүлмира Ташматованын театрдагы ролдорунун ичинен эң көрүнүктүү чыгармачылык ийгилиги катары “Талант жана тагдыр” драмасындагы кыргыздын улуу актрисасы Бакен Кыдыкееванын ролун атоого болот.
Актриса театрда гана эмес, кино ааламында дагы ролдорду жаратып келет. Алар “Чыңгыз менен Бүбүсара”, “Жараланган турналар”, “Токолдор тополоңу”, “Кыз-жигит”, "Кайненемден кантип кутулам?" жана башка тасмалар.
28-мартка карата жылнаама.