Менчикке берилип кеткен Жалдагы оорукананын кымбат баалуу жери мамлекетке кайтарылды

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында 58 миллион 150 миң сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөө учурунда, 2007-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, жер мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузушуп, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна таандык жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн айрым жарандардын жеке менчигине берип жиберишкендиги аныкталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө жарандардын жер тилкелерге болгон жеке менчик укуктары жокко чыгарылып, мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгып кеткен кыймылсыз мүлктөр кайтарылды.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан