Казакстандын Талдыкорган шаарынын тургундары ырчы Кайрат Нуртасты жоопко тартууну талап кылып, анын кечирим суроосун күтүп жатышат. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
26-мартта Талдыкорганда ырчынын концерти өткөн. Ырчы концертке тыюу салынганына карабай Талдыкорган шаарынын борбордук аянтын унаа менен аралап өткөн. Буга көпчүлүк нааразы болуп, ырчыны жоопко тартууну жана анын шаардыктардан кечирим суроосун талап кылышууда.
Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары мыйзам баарына бирдей экенин жазышып, “Аянтка чакырган ким?”, “Мыйзамсыздык үчүн эл алдында кечирим суроону күтөбүз”, “ Бул Талдыкоргандын тургундарын сыйлабагандык" деген пикирлерин жазышууда.
Ырчы концерт койгон Жансугуров атындагы маданият үйү Талдыкорган шаарынын борбордук аянтында жайгашкан. Бул жер транспорттун бардык түрү үчүн жабык.