Бүгүн, 28-мартта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Актан Исабаев 51 жашка чыкты. Ырчы мырзаны өздүк майрамы менен куттуктап чалганыбызда туулган күнү Орозого туш келгенине байланыштуу ооз ачкандан кийин жакындарынын курчоосунда өткөрөрүн билдирди.
“Туулган күнүмдү биринчилерден болуп үй-бүлөм куттуктады. Балдарым күнүмдүк жашоого эң керектүү болгон сакал алгыч жана башка өлкөдөн буйрутма менен алдырган байпактардын түрүн белек кылышты. Ал эми жубайым менин табитимди билгендиктен атыр белек кылды. Өздүк майрам Орозого туш келгендиктен ооз ачкандан кийин досторумдун курчоосунда белгилейбиз. Негизи бильярд ойномоюбуз бар. Бирок аны эс алуу күндөрүнө жылдырдык”, - дейт ал.
Ырчы Актан Исабаев 1972-жылы 28-мартта Фрунзе шаарында төрөлгөн. Белгилүү “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык оркестрдин негиздөөчүсү Чалагыз Исабаев менен комузчу Самара Токтакунованын уулу. Фрунзедеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке кирип, ал жактан Гүлнара Тойгонбаева, Светлана Назаренко, Жылдыз Осмоналиева, Ырыскелди Осмонкулов менен бирге билим алган.
Актан Исабаев “Элес” тобуна экинчи өмүр бергендердин катарында. Аталган топ менен “Асель”, “Ты мне нужна” аттуу хит ырларды жаратышкан. 1999-жылы жеке ырчылыкка өтүп, “Ыр майрам”, “Энекем”, “Сүйөм сени”, “Сагыныч” жана башка ырлары чыккан.
28-марттын жылнаамасы.