Баткенде улгайган адамдар уурулукка шектелип кармалды

Баткен облусундагы кампадан буюмдарды уурдоого шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын билдирүүсүнө ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 42 жаштагы тургуну Үч-Коргон айыл аймагындагы товар сактаган кампасынан 13-март күнү жалпысынан 228 миң сомдук буюмдарын белгисиз жарандар уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Ош облусунун Отуз-Адыр айылынын тургуну 54 жаштагы М.А., Ош облусунун Ноокат районунун тургундары 59 жаштагы Д.А. жана 68 жаштагы Ж.Т. аттуу жарандар Үч-Коргон айыл аймагынан кармалды.

Шектүүлөр кармалган учурда жанынан жабырлануучунун уурдалган буюмдары далил зат катары табылган.

Азыркы күндө уурдалган буюмдар өз ээсине кайтарылып берилип, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан