Жалал-Абадда мурда бир нече жолу соттолгон жаран бейбаштыкка шектелип кармалды

Жалал-Абадда мурда бир нече жолу соттолгон жаран бейбаштыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта облустук милициядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, милицияга А.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 21-февралда саат 21:30 чамасында Сузак районунун аймагынан өткөн Ош-Бишкек унаажолундагы айлампада (круговой) “Эдик” аттуу адам шериктери менен токмоктоп, денесине жараат келтиргендигин билдирген.

"Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын тургуну, 1988-жылы туулган С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди, - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан