Кыргызстандан коңшу Өзбекстанга 13 тыйын чычканды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган өзбекстандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, тыйын чычкандарды алып өтүүгө аракет кылган жаран "Достук" өткөрмө пунктунан кармалган.
"1979-жылы туулган өзбекстандык М.М. аттуу жаран тыйын чычкандарды мыйзамсыз алып өтүп бара жатканда кармалды. Ал тыйын чычкандарды үч сумкага салып, ороп алган. Анын жанында тиешелүү документтер болгон эмес", - деп билдиришти мекемеден.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана тыйын чычкандар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.