1-апрель, ишемби күнү “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында Бишкек шаарындагы “Ынтымак” сейил багында “Сөз эркиндиги” деген символикалык аталыштагы аллеяга көчөттөр отургузулат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.
Ага ылайык, акцияга мамлекеттик жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык донор уюмдардын коммуникаторлору, мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматкерлери катышат.
"Иш-чара журналисттер менен коммуникаторлордун башын бириктирүү, медиа чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктарды жана идеяларды бейформал шартта талкуулоо максатында президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы тарабынан уюштурулат. Иш-чарага аккредитациядан өтүү үчүн төмөнкү телефондор аркылуу 0 555 240 066, 0 778 597 883 кайрылсаңыздар болот", - деп айтылат маалыматта.