
Ушул жылдын 1-апрелинен тартып мамлекеттик органдар жана юридикалык жактарга катталган автоунааларга милдеттүү камсыздандыруу полиси (ОСАГО) киргизилет. Маалыматты
SUPER.KG порталына Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, башка өлкөдө катталган машинелер дагы 1-апрелден тартып милдеттүү камсыздандыруудан өтүшү керек. Ал эми жөнөкөй айдоочулар 2024-жылдын 1-январынан тартып автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүшү зарыл.
Февралдын аягынан бери коомдук талкууда турган министрлер кабинетинин токтом долбоору кабыл алынган. Эми жол коопсуздугун караган инспекторлорго милдеттүү көрсөтүлө турган документтердин тизмесине камсыздандыруу полиси дагы кошулду. Эреже менчик автоунаасы барларга гана тиешелүү, камсыздандыруусу жок машина ээлерине кийинки жылдан тарта айып пул салына баштайт.
Белгилей кетсек, автотранспорттун бардык түрүнө тиешелүү талап быйыл апрелден тарта күчүнө кириши керек болчу, бирок бийлик элдин нааразычылыгынан улам мөөнөтүн жылдырган.