Бишкекте жекшемби, 2-апрелде велосезон ачылат. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чара саат 9:00дө “Ала-Тоо” аянтынан башталып, Дайыр Асанов атындагы сейил багында саат 10:30да жыйынтыкталат. Ачылыш Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата уюштурулат.
"Спорттук иш-чараны Megacom компаниясы, “Велоfriends позитив KG” бейөкмөт уюму борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен уюштурат. Веложарыштын жыйынтыгы менен байгелүү түрдүү сынактар өткөрүлөт. Урматтуу шаар тургундары, сиздерди бул иш-чарага катышып, көңүл ачууга чакырабыз!" - деп айтылат билдирүүдө.