Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда атасы өзүнүн 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кармалды. Бул туурасында SUPER.KG порталына облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, райондук милицияга 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, 2022-жылдын сентябрь айынын аягында үйүндө өз атасы зордуктап койгондугун билдирген.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" беренеси менен каттоого алынган. Андан соң кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Окуяга шектүү катары Сузак районунун тургуну 1980-жылы туулган Н.К. аттуу тургуну кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө амалдары жүрүп жатат.