АКШнын Нешвилл шаарындагы мектепте 6 адамды атып өлтүргөн жарандын мектептин ичин кыдырып жүргөндөгү видеосу социалдык тармактарга тарады.
Бүгүн, 28-мартта АКШда 6-класска чейинки 200дөй бала окуган жеке менчик мектепке кол салуу болгон. Кылмышкер мектепке кирип келип, адамдарга ок чыгарган. Жыйынтыгында мектептин үч кызматкери жана үч окуучу каза болгон.
Кылмышкерди полиция кызматкерлери атып өлтүрүштү.
Видеодо кылмышкер мектептин эшигин атып, андан кийин ичинен адамдарды издегени көрүнөт.
Полициянын маалыматы боюнча, ок чыгарган адам өзүн трансгендер катары тааныштырган, ал буга чейин ушул эле мектепте окуган болушу мүмкүн.