Бишкекте жолдун ортосунда жарамазан айткандарга айып салынат

Милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарында “Кайырчы” аттуу рейд өткөрөт. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, рейддин максаты - жолдогу жол кырсыктарын алдын алууга багытталат.
"Акыркы учурларды жолдогу кайыр сураган жарандардын катышуусунда жол кырсыктары орун алууда.
Рейддин жүрүшүндө өзгөчө жолдун кыймылдуу бөлүгүндө кайыр сурагандарга, жарамазан айтып унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткандарга көңүл бурулат", - деп билдиришти мекемеден.
Жолдо унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратып жүргөн жарандарга өлкөнүн Укук бузуулар кодексинин 190-беренеси менен 1000 сом өлчөмүндө айып салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан