Жапаров: "Туура эмес токтотулган унааларды тартканга автобустарга видеокамера орнотуу зарыл"

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясында калаадагы жол кыймылынын көбөйүшү, ыш маселеси жана таштандыларды өз убагында чыгаруу сыяктуу негизги көйгөйлөрдү чечүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы жогорудагы көйгөйлөрдүн ичинен өзгөчө ыш маселесине тийиштүү көңүл бурулбай жатканын белгиледи жана бул боюнча жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри башында турган жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Анын айтымында, бул маселени үч багытта чечүү керек:

- Бишкек шаардык ЖЭБин сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу, ошондой эле анын бардык фильтрлерине техникалык аудит жүргүзүү;

- калктуу конуштарды газдаштыруунун финансылык моделин иштеп чыгуу жана 14 күндүн ичинде берүү;

- борборго кирүүчү жеңил унаалардын, анын ичинде оор жүк ташуучу унаалардын саны менен бирге автотранспорттук агымдарга көңүл буруу.

“Дүйнөнүн көптөгөн ири мегаполистеринде оор жүк ташуучу унааларга шаардын борбордук бөлүгүнө кирүүгө тыюу салынган. Бул түрдөгү унаалардын өтүүсү үчүн айланып өтүүчү жолдор жана түйүндөр бар. Ошондой эле унаа токтотуучу жайлар маселесин чечүү керек. Биздин айдоочулар унаа токтотуучу жай катары унаанын жүрүүчү бөлүгүн, кээде тротуарларды колдонушат. Ар бир автобуска туура эмес токтотулган унааларды жазуу үчүн видеокамера орнотулушу керек. Бул кадам “Коопсуз шаар” линиясы аркылуу өткөрүлүп, айдоочуларга туура эмес токтоткондугу үчүн айып пул түрүндө берилиши керек”, - деди Жапаров.

Өз кезегинде борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын кеңейтилген коллегиясында мурда берилген тапшырмалардын алкагында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Ал таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча келишим түзүлгөнүн, ошондой эле кытай грантынын эсебинен каржылануучу “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун үчүнчү фазасы ишке ашырылуусун билдирди.

Анда шаардын бардык аймагында 18 айланма жолун куруу пландалып жатканы, алар калаанын борбордук жана экинчи катардагы көчөлөрдөгү “унаа тыгындарын” азайта тургандыгы белгиленди.

Министрлер кабинетинин башчысы сунушталган долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, бардык аткарыла турган иштердин негизги максаты жарандардын жашоосун жакшыртуу экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан