Бүгүн, 28-мартта Бишкекте кароосуз калган кафенин имараты толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кабарлангандай, өрт Байтик-Баатыр менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттан чыккан.
Жерине 2 бөлүм тартылып, саат 08:27де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Анын кесепетинен кароосуз калган 50 чарчы метр кафе толугу менен күйгөн. Ал эми жабыркагандар жок экени айтылды.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.