Эртең, 29-мартта өлкө аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында жазылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +20 … +25,
Талас облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +18 … +23,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +7 … +12, күндүз +22 … +27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0 … +5, күндүз +13 … +18,
Нарын облусунда түнкүсүн 0 … +2, күндүз +16 … +18,
Бишкек шаарында түнкүсүн +6 … +8, күндүз +23 … +25 градус болот.