Боомдогу кафеде автобустан 80 миң рубль уурдап кеткенге шектүү жаран кармалды

Боом капчыгайындагы кафелерде токтоп турган автобустан 80 миң рубль уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, милицияга Боомдогу Боз-Салкын кафесинин жанында Каракол-Бишкек каттамындагы автобустан 80 миң рубль уурдалгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу келип, жабырлануучуларды жана күбөлөрдү сурамжылоо жүргүзгөн. Жабырлануучунун айтымында, ал Бишкек шаарынан Каракол шаарына автобус менен жөнөгөн болчу. Жанындагы отургучта жигит отурган. Жолдо ал уктап калып, автобус Боз-Салкын кафесинин жанына токтогондо, сумкасында 80 миң рубль акча каражаты жана эки уюлдук телефон уурдалып кеткенин жана жанында отурган жүргүнчү жок болуп калганын байкаган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө уурулукка шектүү жаран изи суутпай табылып, колго түшүрүлгөн. Ал Талас облусунун 37 жаштагы тургуну С.К. болуп чыкты жана алгачкы суракта күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.
Далил зат катары уурдалган акча каражаттары жана уюлдук телефондор алынган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан